Студенттер жана окутуучулар эл аралык конференцияда

05/02/2025
07:07

2025-жылдын 31-январында IT & Business колледжинин “Графикалык дизайн” багытынын студенттери жана окутуучулары “Санариптик келечек: дизайнерлер жана сүрөтчүлөр үчүн чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу – IPCHAIN, Кыргыз Республикасындагы “Укук жана интеллектуалдык менчик объекттеринин транзакцияларын иштетүү боюнча улуттук координациялык борбор” ассоциациясынын өкүлчүлүгү болду.