Сиздин дүйнөгө терезеңиз!

АЭУда багыттоо жумалыгы 2024

05/09/2024
08:09

Жаңы 2024-2025-окуу жылынын башталышында АЭУда университеттин жана IT & Business колледждин биринчи курсунун студенттери үчүн багыттоо жумалыгы өттү. Иш-чаранын биринчи күнүндө университеттин ректору Жылдызбек Жакшылыков куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп, бардык студенттерге жана окутуучуларга алдыдагы окуу жылында ийгиликтерди каалады.

Багыттоо жумалыгынын алкагында биринчи курстун студенттери Edupage, корпоративдик почта, OCS жана My Alatoo – университеттин негизги ресурстары менен таанышышты. Университеттин адистери бул кызматтарды колдонуу эрежелерин кеңири түшүндүрүп беришти.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин биринчи курстун студенттери кураторлору менен жолугушуп, курсташтары менен таанышышты. Мындан тышкары, университеттин аймагында ар кандай тимбилдинг оюндары, кичи конкурстар жана студенттик клубдардын жарманкеси уюштурулду.

Багыттоо жумалыгы жаңы студенттер үчүн университеттин жашоосуна ыңгайлашууга, курсташтары жана окутуучулары менен байланыш түзүүгө жана университеттин жеке жана кесиптик өсүшү үчүн берген мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билүүгө жардам берет. Уюштуруучуларга, ошондой эле студенттерге активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.